•  +(996) 557 67 66 40
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Кыргызстанда жалпы 133 бейтап коронавирустан сакайды

Кыргызстанда өткөн суткада 3 адам коронавирустан сакайып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

“Алардын экөө Бишкек шаарынын, бирөө Нарын облусунун тургундары. Ошондо жалпы сакайгандардын саны 133 болду”, – деди министрдин орун басары.

19-апрелде Кыргызстанда СOVID-19 илдети дагы 48 кишиден табылып, алпы республика боюнча коронавирус аныкталгандардын саны 554 кишиге жетти. ооруну жуктуруп алга 5 адам аза болгон.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *