•  +(996) 557 67 66 40
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин саны 148ге жетти

Соңку суткада коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталган 48 адамдын 18и медицина кызматкерлери. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын ичинен Бишкекте 4, Ош облусунда 2, Ош шаарында 3, Жалал-Абад облусунда 4, Баткен облусунда 1, Нарын облусунда 4 учур катталган.

18-марттан бери жалпы  134 медицина кызматкерине коронавирус илдети жукту.

Ал эми  соңку маалыматка ылайык, Кыргызстан боюнча жалпы 554 адамга коронавирус жукту. Алардын ичинен 5 адам каза болгон.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *