КРдин Энергетика министрлиги кытайлык компаниялар менен электр кубаттоочу станцияларды өнүктүрүү боюнча кызматташатКыргызстанда киберспортту расмий түрдө таануу сунушталуудаЭксперт Казакстандагы бийликтеги масштабдуу реформа тууралуу айтып берди: бир палаталуу парламент жана вице-президенттик кызматЖогорку Кеңеште комитеттердин ыйгарым укуктары кайра бөлүштүрүлөтКыргызстандык мугалим «КМШдагы мыкты педагог» сынагынын жеңүүчүсү болдуСокулук жана Аламүдүн райондорунда Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө иштери жүрүүдө
Мурдагы депутат Шайырбек Ташиев кайрадан суракка чакырылды
26.03.2026 | 12:23

Жогорку Кеңештин мурадгы депутаты Шайырбек Ташиев кайрадан сурак берди. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына ИИМдеги булактар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Шайырбек Ташиев ИИМге күбө катары суракка байма-бай чакырылууда. Ал учурда бир нече иш боюнча сурак берүүдө.
Эскерте кетсек, 13-мартта Шайырбек Ташиев Ички иштер министрлигинде суракта болгон. Ал кайсы иш боюнча сурак бергени тууралуу маалымат берилген эмес. Кийинки күнү, 14-мартта, Борбордук шайлоо комиссиясы анын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алган.
Шайырбек Ташиев – УКМКнын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат