Кыргызстан эл аралык агрофорумга катышууда: тараптар технологияларды трансферлөө аркылуу АӨКтү заманбапташтырууну макулдаштыСокулукта ооруканага караштуу имарат жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылдыКыргызстандын Абадан коргонуу күчтөрүнүн офицерлери Россияда окуудан өтүштү: аскердик-практикалык жыйындардын жыйынтыгыБишкекте кыргыз-россиялык мектептин курулушу башталды: биринчи имараттын пайдубалы түптөлдүКазакстандагы конституциялык реформа бүткүл Борбордук Азия үчүн тарыхый окуя болду — Кыргызстандын мурдагы элчисиЭми мамлекет жарандардын салык карыздарын банктык эсептеринен түздөн-түз өндүрө алат
Сокулук жана Аламүдүн райондорунда Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө иштери жүрүүдө
26.03.2026 | 12:56

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Чүй дарыясынын жээгиндеги кооптуу тилкелерди бекемдөөдө. Иштер Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй жана Аламүдүн районунун Сүймөнкул Чокморов айыл аймактарындагы дарыянын агып өткөн жерлеринде жүрүүдө. Иш-чаранын максаты жээктин эрозиясын токтотуу болуп саналат.
Министр Канатбек Чыныбаев жана Чүй облусунун губернатору аталган аймактардагы дарыянын Кыргызстан тарабындагы жээктеринин абалын көрүп чыгышты. Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү тармактарга жээктерди бекемдөө иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.
Бул чаралар айдоо талааларын коргоого жана калк жашаган аймактарга зыян келтирүүнү алдын алууга багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом