Парламентте Энергетика министрлигин күн электр станцияларын активдүүрөөк жайылтууга чакырышты

31.03.2026 | 14:41

Бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Эркинбек Исеналиев Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимовду күн электр станцияларын куруу маселесин кылдат иштеп чыгууга жана изилдөөгө чакырды.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө чакан ГЭСтердин өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү анча жогору эмес – 7-8%дан аз. Ал эми күн электр станцияларын кеңири масштабда ишке киргизсе, алар жалпы баланста олуттуу үлүштү ээлейт.

Исеналиев энергетика министринин орун басарынан бүгүнкү күндө электр энергиясын өндүрүүнүн канча пайызын ККЭБ (калыбына келүүчү энергия булактары) иштеп чыгарарын сурады.

Керимовдун айтымында, акыркы үч жылда бул тармакка чоң көңүл бурулуп, ал өнүгүү жолунда баратат.

«Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча: жалпы кубаттуулугу 44,59 МВт болгон 8 чакан ГЭС пайдаланууга берилди. Ал эми күн электр станцияларына (КЭС) келсек, кубаттуулугу 100 МВттан кем эмес станция ишке киргизилди, ошондой эле 300 МВттык станция курулуп жатат. Мындан тышкары, инвесторлордун бири менен 1900 МВттык КЭС куруу пландалууда. Анын ичинен апрель-май айларынын аягына чейин 150 МВт, ал эми жыл аягына чейин 450 МВт ишке киргизүүнү пландап жатабыз. Ошондой эле дагы бир инвестор 400 МВттык станция курууда, долбоорду жылдын аягына чейин ишке киргизүүнү көздөп жатабыз. Дагы бир өнөктөш 100 МВттык КЭС куруп жатат, анын 50 МВтын жыл аягына чейин ишке киргизүүнү пландап жатабыз», – деп түшүндүрдү Керимов.

Министрдин орун басары белгилегендей, 2025-жылы иштеп чыгарылган 15,5 миллиард киловатт-сааттын 450-500 миллионго жакынын чакан ГЭСтер, 12,9 миллиард киловатт-саатын — ири ГЭСтер, 2 миллиард киловатт-саатын — Бишкек шаарынын ЖЭБи (ТЭЦ) өндүргөн.

Керимов кошумчалагандай, быйылкы жылы жалпы баланста чакан ГЭСтердин жана ККЭБдин эсебинен 1,2 миллиарддан 1,5 миллиард киловатт-саатка чейин электр энергиясын иштеп чыгуу пландалган.

Өз кезегинде Исеналиев баяндамачыга энергетикалык кубаттуулуктар жетишсиз болгон шартта, Кыргызстандын максаттары чоң суроо алдында каларын эскертти.

«Биздин республикада ККЭБге көбүрөөк көңүл буруп, жакшы шарттарды түзүү зарыл. Эгерде Энергетика министрлиги бул маселени ыкчам карабаса – бул чоң тартыштыкка алып келет жана ал республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу тоскоолдук жаратат. Ошондуктан, сураныч, бул маселелерди кылдат изилдеп чыгыңыздар», – деп жыйынтыктады депутат.

Scroll to Top