«Bulgari» зергер үйүнүн чеберлери 50 кыргызстандыкты зер буюмдарынын дизайнына окутат

03.04.2026 | 11:11

Дүйнөгө белгилүү «Bulgari» зергердик компаниясы кыргызстандык адистер үчүн окутууларды уюштурууну пландап жатат. Бул тууралуу «Биринчи радио» эфиринде Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

МСК башчысынын айтымында, жакында эле өткөн жолугушууларда бренддин өкүлдөрү чийки заттын баасына эмес, өлкөдөгү бизнести жүргүзүүнүн моралдык принциптерине өзгөчө көңүл бурушкан. Кызматташуунун негизги критерийлери катары балдардын эмгегинин жоктугу, экологиялык ченемдер, коррупциянын деңгээли жана сот тутумунун адилеттүүлүгү каралды.

«Биздин өлкө бардык талаптарга жооп берет. Мына, 14-майда компаниянын өкүлдөрү келиши керек. Алар жөн гана алтын куймаларын куюуну эмес, даяр продукцияны — зер буюмдарын жасоону сунуштап жатышат. 50 адамды дизайн өнөрүнө окутуу биздин тармак үчүн тарыхый окуя болуп калышы мүмкүн», — деп белгиледи Алмамбет Шыкмаматов.

Учурда зер буюмдарынын көбү Кыргызстанга өзүнүн алтын кору жок өлкөлөрдөн импорттолот. Бул кырдаалды өзгөртүү жана ички өндүрүштү өнүктүрүү үчүн Президент зергерлерге олуттуу жеңилдиктерди берүү тууралуу жарлыкка кол койгон:

  • өндүрүүчүлөр үчүн алтындын баасы 2%га арзандатылган;
  • жабдууларды сатып алууга 6% менен жеңилдетилген насыялар берилет;
  • салык ставкасы болгону 0,25%ды түзөт.

Мындай жагымдуу шарттардын түзүлүшү экономика үчүн буга чейин эле чоң натыйжаларды алып келди. Салык кызматынын жетекчисинин маалыматы боюнча, жеңилдиктер киргизилгенден кийин зергерлер жалпы суммасы 16 миллиард сомду түзгөн «көмүскөдөгү» алтынын легалдаштырышты.

«Эми алардын бардыгы ачык иштеп, салык төлөп жатышат», — деп баса белгиледи Шыкмаматов.

Scroll to Top