Эл аралык террордук уюмдар менен байланышы бар деген шек менен жаран кармалды

06.04.2026 | 10:03

УКМК эл аралык террордук уюмдар менен байланышы бар деп шектелип, Ю.В. аттуу жаран кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү террордук уюмдардын идеологиясын жана Борбор Азия аймагында «халифат» түзүү идеяларын жактай турганы аныкталган. Ал эмгек миграциясында жүргөн мезгилде террордук ишмердүүлүктү каржылоо менен алектенген эл аралык террордук уюмдардын идеологдорунун таасирине кабылган.

“Мындан тышкары, Ю.В. чет мамлекеттин аймагындагы согуш жүрүп жаткан аймактардын бирине чыгып кетүүнү жана мурда КМШ өлкөлөрүндө резонанстуу террордук актыларды уюштурган эл аралык террордук уюмдун башчысына кошулууну пландаган”,- деп билдирди атайын кызмат.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Scroll to Top