Минкаб шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун четке какты

07.04.2026 | 16:09

Бүгүн КР Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев демилгелеген шайлоо жөнүндө мыйзамга киргизилчү түзөтүүлөр каралып, Министрлер кабинети ага терс корутунду берди.

Белгилей кетсек, Министрлер кабинети документтеги парламентарий сунуштаган 10 пунктту максатка ылайыксыз деп тапты, ал эми комитет Минкабдын позициясын эске алуу менен мыйзам долбоорун четке кагууну сунуштады.

Бекешев буга чейин түшүндүргөндөй, өзгөртүүлөр жарандардын шайлоого катышуусун жогорулатууга, карама-каршылыктарды жоюуга жана кыянаттыктарды азайтууга багытталган. Анын айтымында, бүгүнкү күндө шайлоого катышуу төмөн бойдон калууда — болжол менен 37 пайызды түзөт, бул шайлоочуларды сатып алууга шарт түзөт.

Ошондой эле ал шайлоочуларды рагбаттандырууга (кубаттоого) жол берген жаңы берене киргизүүнү сунуштаган. Маселен, эгерде участокто добуш берүүгө келгендердин саны 70 пайыздан ашса, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖӨБО) көрктөндүрүүгө, жарыктандырууга же спорттук аянтчаларды курууга кошумча каржылоо ала алышмак.

Ошондой эле төмөнкүлөр сунушталган:
• добуш берүү күнү коомдук транспортто жүрүүнү акысыз кылуу;
• иш берүүчүлөрдү кызматкерлерине шайлоого катышуу үчүн убакыт берүүгө милдеттендирүү.

Депутат добуш сатып алуу жөнүндө кабарлаган жарандарга акчалай төлөмдөрдү жана сыйлыктарды берүү менен рагбаттандыруу үчүн атайын фонд түзүү аркылуу добуш сатып алууга каршы күрөшүүнү сунуштаган.

Мындан тышкары, депутат шайлоо дайындалган учурдан тартып талапкерлерге жана алардын туугандарына акча, белек таратууга жана арзан баада кызмат көрсөтүүгө тикелей тыюу салууну киргизүүнү сунуштаган.

Депутат дагы кандай түзөтүүлөрдү сунуштаган:
— үйдөн добуш берүүнү шайлоо күнү саат 8:00дөн 18:00гө чейин өткөрүү. Участоктон тышкары майыптыгы бар же ден соолугунун абалы оор жарандар гана добуш бере алмак. Арызды шайлоочу өзү, анын туугандары же социалдык кызматкерлер бере алмак. Медициналык маалымкаттын (справка) болушу милдеттүү, комиссия өз участогунун чегинен чыга албайт;
— “ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар” деген терминди “майыптыгы бар адамдар” деп өзгөртүү сунушталган, ошондой эле “шайлоо дареги” түшүнүгү алынып салынмак;
— талапкерлерге социалдык тармактарда үгүт иши болуп саналбаган материалдарды жарыялоого уруксат берилмек. ЖК депутаттарына өзүнө же өз партиясына гана үгүттөөгө уруксат берилмек.

Андан сырткары, үгүт иштерине тыюу салуу эрежелери такталган — мектептердин, ооруканалардын жана диний объектилердин имараттарында катуу тыюу салынат. Ошондой эле үгүт материалдарын маркалоого (белгилөөгө) так талаптарды киргизүү сунушталган, алардын бир бөлүгүн шайлоо фондунан төлөбөстөн жарыялоого мүмкүн болмок.

Түзөтүүлөрдүн автору ошондой эле милдеттүү түрдө идентификациялоо менен QR-коддор аркылуу шайлоо фондуна каржылык салымдарды (пожертвование) киргизүүгө уруксат берүүнү демилгелеген.

ПИН же Аты-жөнү (ФИО) жок которуулар анонимдүү деп эсептелмек.

Буга кошумча, парламентарий үгүтчүлөрдүн санын 1 миңден 500 адамга чейин кыскартууну, ал эми алардын тамак-ашына кеткен чыгымдарды милдеттүү чыгымдардын катарынан алып салууну сунуштаган.

Белгилей кетсек, Бекешев эгерде депутатка каршы кылмыш иши актоочу эмес негиздер (нереабилитирующие основания) боюнча токтотулса, ал мандатынан ажырап калышы мүмкүн деген түзөтүүнү да демилгелеген. Парламентарийдин пикиринде, бул Конституцияга каршы келет жана басым жасоо куралы катары колдонулушу мүмкүн. Бул норманы талапкерлер үчүн гана калтырып, ал эми иштеп жаткан депутаттарга карата алып салуу сунушталган.

Scroll to Top