«Манас» эпосу дунган тилинде жарык көрдүУКМК: Нарында «Йакын-Инкардын» мүчөлөрү уюмдун идеологиясынан баш тартыштыСадыр Жапаров Чоң-Алайдагы медициналык объектилердин курулушу менен тааныштыМСК 1-майга чейин кимдер салык декларациясын тапшырышы керектигин эскертти16 жашка чейинки балдарга паспортту экинчи ата-эненин макулдугусуз алууга уруксат берилиши мүмкүн«Тасмада зомбулук, ырайымсыздык камтылган»: Кыргызстанда «Өч 2» көркөм тасмасы көрсөтүүдөн алынды
Бишкек менен Эр-Рияд Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулашты
14.04.2026 | 09:50
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев күн мурун Сауд Арабия Королдугунун ТИМ башчысы ханзаада Файсал бин Фархан Аль Сауд менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу кыргыз тышкы саясий мекемесинин басма сөз кызматы билдирет.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кулубаев Жакынкы Чыгышта туруктуулукту жана коопсуздукту сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле ал Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан Сауд Арабия элине тилектештигин билдирди.
Тараптар кырдаалдын тез арада басаңдашына, саясий-дипломатиялык диалогдун кайра жанданышына жана аймакта тынчтыкты, туруктуулукту калыбына келтирүүгө багытталган конкреттүү чаралардын кабыл алынышына үмүттөнөрүн билдиришти.