МСК 1-майга чейин кимдер салык декларациясын тапшырышы керектигин эскертти
Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы (МСК) жеке жактар жана жеке ишкерлер 1-майга чейин бирдиктүү салык декларациясын тапшыруусу керектигин эскертет.
Мекеме тактагандай, көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин патент менен, өзгөчө режимдеги соода аймагында жана 0%, 0,1%, 0,5% жана 1% бирдиктүү салык ставкалары менен иштегендерди, ошондой эле юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбаларын кошпогондо, калган бардык жеке ишкерлер декларация тапшырышы керек.
Мындан тышкары, эл аралык уюмдарда, ошондой эле өлкө аймагында жайгашкан чет мамлекеттердин дипломатиялык жана консулдук мекемелеринде иштеген Кыргызстандын жарандары да декларация тапшырууга милдеттүү.
Ошондой эле, отчеттук мезгилде киреше салыгы кармалбастан киреше алган жеке жактар декларация тапшырууга тийиш.
МСК белгилегендей, башка жарандар ыктыярдуу негизде, анын ичинде социалдык жана мүлктүк чыгымдардын эсебинен киреше салыгын кайтарып алуу үчүн да декларация тапшыра алышат.
Декларация электрондук түрдө cabinet.salyk.kg сайтындагы “Салык төлөөчүнүн кабинети” аркылуу тапшырылат.
Толук маалыматты аймактык салык органдарынан, 116 номери аркылуу, ошондой эле sti.gov.kg сайтынан алууга болот.