Өкмөт мамлекеттик органдарда коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу тартибин бекитти

16.04.2026 | 10:22

Кыргызстандын Министрлер кабинети мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитти. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, документ Башкы прокуратура тарабынан иштелип чыккан. Жобо коррупциянын алдын алуунун ыкмаларын киргизүүгө багытталып, тобокелдиктерди аныктоонун жана башкаруунун бирдиктүү системасын белгилейт.

Жободо төмөнкү тармактарга өзгөчө көңүл бурулат:

  • Мамлекеттик сатып алуулар;
  • Мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү башкаруу;
  • Контроль жана көзөмөл жүргүзүү;
  • Уруксат берүүчү жана каттоо жол-жоболору.

Жаңы тартипке ылайык, мамлекеттик органдар коррупциялык тобокелдиктердин тизмесин түзүүгө жана аларды башкаруу боюнча конкреттүү мөөнөттөрү көрсөтүлгөн иш-пландарды иштеп чыгууга милдеттүү. Аткарылган иштер тууралуу маалыматтар ачык жарыяланып турат.

Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчилерине бул системанын иштеши үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлдү. Ал эми Башкы прокуратура бул тартиптин аткарылышын координациялайт жана мониторинг жүргүзөт.

Scroll to Top