Жуучу каражаттар жана азык-түлүктөр: «Ак-Жол» өткөрмө пунктунда аткезчиликке бөгөт коюлду

16.04.2026 | 12:06

«Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө пунктунда (КӨП) товарларды коштоочу документтерсиз мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду, деп билдирет Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) басма сөз кызматы.

Анын маалыматы боюнча, рейддин жүрүшүндө ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген кичи автобустар текшерилип, натыйжада тиешелүү коштоочу документтери жок самын-жуучу каражаттар, кондитердик азыктар жана ар кандай тамак-аш азыктары аныкталган.

Бул фактылар боюнча тиешелүү актылар түзүлдү. Эсепке алынбаган товардын жалпы баасын эсептөө жүрүп жатат.

Scroll to Top