Милиция Бишкекте көчөдө жылаңач чуркаган киши кармады

17.04.2026 | 16:18

Бишкек шаарынын 4-кичи районунда көчөдө жылаңач чуркап, байкоо камерасына түшүп калган адам кармалды. Бул тууралуу шаардын Октябрь райондук милициясы кабарлады.

Окуя 13-апрель күнү түшкө маал болгон. Камерага тартылган видеодо үстүндө эч кандай кийими жок эркек киши көчөдө чуркап, жаш балдарды коркутканын көрүүгө болот.

Бул окуя тууралуу милицияга кабарлангандан кийин, ал катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Жыйынтыгында 1995-жылы туулган О.М. аттуу жаран аныкталып, милицияга жеткирилген. Текшерүү учурунда ал Республикалык психикалык ден соолук борборунда каттоодо турары аныкталган.

Scroll to Top