Бишкекте №244 кичи автобустун кыймыл схемасы өзгөртүлдү

17.04.2026 | 17:08

Бишкек шаарында №244 кичи автобустун жүрүү схемасына өзгөртүүлөр киргизилди. Мэриянын маалыматында, мындай чейим коомдук транспорт тармагын оптималдаштыруу жана маршруттардын орточо узундугун кыскартуу максатында кабыл алынган.

Буга чейин аталган автобус Осмонкул, Күрөңкеев, Баялинов көчөлөрү, Жаш Гвардия бульвары, Жибек Жолу проспектиси, ошондой эле Кулиев, Рыскулов, Фучик жана Коммунаров көчөлөрү аркылуу жүрүп келген.

Киргизилген өзгөртүүлөрдөн кийин автобус Рухий-Мурас конушунан Курманжан Датка көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишине чейинки аралыкты тейлейт.

Scroll to Top