Ормуз кысыгы кайрадан жабылды — ИРСК каалаган кемеге сокку уруларын эскертти
Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (ИРСК) Аскер-деңиз күчтөрү АКШ тарабынан деңиз блокадасы толук алынганга чейин Ормуз кысыгын кайрадан тосуп койду. Бул тууралуу ИРСКнын басма сөз кызматы билдирди.
Иран аскерлери ошондой эле кысыкка жакындаганга аракет кылган ар кандай кемелерге, муну «душман менен кызматташуу» катары баалап, сокку уруларын эскертишти.
«Ок атышууну токтотуу режиминин бузулушунун натыйжасында, АКШ деңиз блокадасын алмайынча, бүгүн кечтен баштап Ормуз кысыгы жабык болот», — деп IRIB мамлекеттик телерадиокомпаниясы аскерлердин сөзүн келтирет.
Буга чейин Ислам республикасы 8-апрелде жарыяланган жарашуу мөөнөтү аяктаганга чейин бардык коммерциялык кемелердин өтүүсүнө уруксат берген болчу. Бул Ливандагы ок атышууну токтотуу боюнча келишимге жетишилген учурда ишке ашкан.
АКШ президенти Дональд Трамп, өз кезегинде, тараптар тынчтык келишимин түзмөйүнчө Ирандын портторунан блокаданы алуудан баш тартты. Ал Тегеран Ормуз кысыгын мындан ары жаппоого убада берип, келечектеги келишимдин бардык шарттарына, анын ичинде өзөктүк (ядролук) программаны токтотууга макул болгонун ырастаган.
Иран парламентинин төрагасы Мохаммад-Багер Галибаф бул билдирүүлөрдү төгүнгө чыгарып, АКШ президентин медиа согуш жүргүзүп жаткандыгы жана коомдук пикирди манипуляциялоого аракет кылгандыгы үчүн айыптады. Кечээ Иран кысыктын үстүнөн аскердик көзөмөл режимин калыбына келтиргенин жарыялады.