Кыргызстандын каржы сектору 2025-жылы 44,6 млрд сом тапты
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын каржы секторундагы ишканалардын 2025-жылдагы сальдолонгон финансылык натыйжасы 44,6 млрд сомду түздү. Тармакта жалпысынан 578 ишкана иштейт.
Негизги пайданы коммерциялык банктар алып келди — 35,7 млрд сом. 25 банктын ичинен 21и кирешелүү, үчөө чыгашалуу болуп чыкты, дагы бирөө нөлдүк жыйынтык көрсөттү. Иштеп жаткан банктар 35,6 млрд сом табышты. Бирок тилекке каршы, кайсы банктар минус менен чыкканы көрсөтүлгөн эмес.
Насыялык уюмдар — сектордогу эң көп сандуу сегмент: 532 ишкана — жалпысынан 6,7 млрд сом киреше тапкан. Ошол эле учурда, алардын 149у жылды нөлдүк жыйынтык менен, 80и чыгаша менен аяктаган.
Камсыздандыруу компаниялары 2,1 млрд сом табышкан. 19 компаниянын ичинен 15и кирешелүү, экөө чыгашалуу болгон.
Жалпы сектор боюнча 340 ишкана жалпы суммасы 45,5 млрд сом киреше алса, 86 ишканада 967,5 млн сом өлчөмүндө чыгаша катталган.