Кочкор районунда социалдык дүкөн ачылды

21.04.2026 | 10:48

Нарын облусунун Кочкор районунда «Адал азык» социалдык дүкөнү ишке кирди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.

Дүкөн «Тойбосс» ишканасы тарабынан ачылып, анда ишкана өндүргөн продукциялар, ошондой эле уй, жылкы жана тоок эттери арзан баада сатылууда.

Долбоор Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы, Ормон-Хан айыл өкмөтү жана Кочкор райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын катышуусу менен ишке ашкан.

Министрлик бул демилге райондун калкын азык-түлүк продукциялары менен камсыз кылууга жана азык-түлүк коопсуздугун сактоого багытталганын билдирди.

Scroll to Top