Боомдо таш кулатуу иштери жүрүүдө. Жолго убактылуу чектөөлөр киргизилди

21.04.2026 | 11:12

Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайында таш кулатуу иштери башталды. Бул тууралуу ЖКККББ билдирди.

Иштер 30-апрелге чейин күн сайын саат 09:00дөн 16:00гө чейин жүргүзүлөт. Бул убакыт аралыгында унаа жолу жабылып, унаалар бир тилке менен өткөрүлөт. Жол кыймылы ар 15–20 мүнөт сайын жөнгө салынып турат.

Иш-чаралар «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасы жана ИИМдин ЖКККББ кызматкерлери тарабынан аткарылат. Анын максаты — таш кулоо коркунучун алдын алуу жана жол коопсуздугун камсыздоо.

Мекеме жогорудагы чектөөлөрдү эске алып, айдоочуларга жол жүрүүнү алдын ала пландап алууну сунуштайт.

Scroll to Top