Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында пара талап кылуу фактысы аныкталды

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) бөлүм башчысы П.М. жана ыкчам кызматкери А.А. пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында, кармалгандар орусиялык жарандан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча козголгон иште жазаны жеңилдетүү үчүн 9 млн рубль (100 миң доллар) талап кылышкан.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, пара алуу схемасы аралыктан ишке ашырылып келген. Жабырлануучунун үй-бүлөсү акча каражаттарын үчүнчү тараптардын атына катталган «Сбербанк» карталарына которуп турган. Андан кийин бул каражаттар үчүнчү жактардын жардамы менен Кыргызстандын аймагында накталай акчага айландырылып, мыйзамдаштырылган.
Кармалган кызматкерлер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.