Кара-Балтада 4 млн долларлык грантка жапон технологиясы менен таштанды полигону курулат
Кара-Балта шаарында катуу тиричилик калдыктары үчүн заманбап санитардык полигон пайда болот. Жаратылыш ресурстары министрлиги Азия өнүктүрүү банкынын делегациясы менен биргеликте курулуш аянтчасын карап чыгып, долбоорлоону баштоо үчүн зарыл болгон техникалык параметрлерди каттоого алышты. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Долбоордун негизи катары жагымсыз жыттарды басып, зыяндуу газдардын бөлүнүп чыгышын минималдаштырган жана өзүнөн-өзү өрттөнүп кетүү коркунучун жокко чыгарган жапондук «Фукуока» технологиясы колдонулат. Долбоорду ишке ашырууга 4 миллион доллар өлчөмүндө грант бөлүнгөн.
Белгиленгендей, жаңы полигон Кара-Балта шаарынын жана Чүй облусунун Жайыл районундагы 32 айылдын таштандыларды утилизациялоо көйгөйүн чечет. Учурдагы шаардык таштанды төгүүчү жай заманбап экологиялык талаптарга жооп бербейт.