Сузакта сабак учурунда окуучуну урган мугалим иштен алынды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда башталгыч класстын окуучусун сабак учурунда урган мугалим иштен алынды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Буга чейин социалдык тармактарга мугалим окуучуну тактанын жанында кыйкырып урушуп, ага кол көтөргөнү тартылган видео тараган.
Министрликтин маалыматында, окуя 25-мартта А.П. Гайдар атындагы №22 орто мектепте болгон. Окуядан кийин окуучунун ата-энеси мектепке чакырылып, алар мугалимге карата эч кандай доосу жок экенин билдиришкен. Ал эми балага кол көтөргөн Э.Г. аттуу мугалим 16-апрелде ээлеген кызмат ордунан бошотулган.
“Учурда бул окуя боюнча райондук ички иштер органдары тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошол эле учурда мектепте окуучулар менен социалдык педагог тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат”,- деп билдирди мекеме.