Чүй облусунун капчыгайында чет элдик жарандын сөөгү табылды – чоо-жайы

22.04.2026 | 17:23

Чүй облусунда зомбулук менен өлтүрүлгөн белгилери бар чет элдик жарандын сөөгү табылып, төрт шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын маалыматына караганда, 20-апрелде саат 19:30 чамасында Аламүдүн районунун Арчалы айылындагы токой тилкесинде капчыгайдан эркек кишинин сөөгү табылган. Каза болгон адам чет элдик жаран экени аныкталган.

КР Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Иликтөөнүн алкагында төрт шектүү кармалып, алар борбор калаанын ИИББнин убактылуу кармоочу жайына (УКЖ) киргизилди.

Соттун чечими менен бүгүн шектүүлөргө карата эки айга №1 тергөө абагына (ТИЗОго) камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

Тергөө жүрүп жатат.


Scroll to Top