ЕБ санкцияларынан улам Кыргызстанга «домино эффектиси» коркунучу туулууда — КуловУлуттук хирургия борборунан боорду алмаштыруудан кийинки бейтаптын абалы жана кийинки операция тууралуу айтып бериштиБишкектин бир бөлүгүндө жаратылыш газы 2 күнгө өчүрүлөтИнвестициялар боюнча улуттук агенттик менен «ХанаЭнергия» энергетика тармагында кызматташатКыргызстан менен Кытай чакан жана орто бизнести колдоого багытталган жаңы программаны ишке ашыратАКШдан канча кыргызстандык депортацияланганын ТИМ билдирди
АКШдан канча кыргызстандык депортацияланганын ТИМ билдирди
24.04.2026 | 11:04
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) АКШда миграциялык саясаттын катаалдашуусунун — массалык депортациялардын, качкындарды кабыл алууну азайтуунун жана төрөлгөндө берилүүчү автоматтык жарандыкты жоюунун натыйжасында канча кыргызстандык өлкөдөн чыгарылганын Reporter.kg басылмасына айтып берди.
Алсак, 2025–2026-жылдары АКШдан Кыргыз Республикасынын 98 жараны депортацияланган.
Буга байланыштуу КР ТИМи чет өлкөдө жүргөн же ал жакка барууну пландап жаткан кыргызстандыктарды барган өлкөлөрүнүн миграциялык мыйзамдарын так сактоого жана керектүү документтерди өз убагында тариздөөгө чакырат.