Кыргызстан менен Россиянын башчылары эмнени макулдашты — кенен маалымат

24.04.2026 | 09:33

Кыргызстан Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин келишин жана анын Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине катышуусун күтүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Россияга болгон иш сапарынын алкагында орус лидери менен болгон жолугушууда билдирди.

«Бул жылы 31-августта жана 1-сентябрда Бишкекте ШКУнун саммити өтөт. Ушуга байланыштуу биз Сиздин келишиңизди жана ШКУ саммитине катышууңузду чыдамсыздык менен күтөбүз», — деди Жапаров.

Өз кезегинде Владимир Путин чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, орус тараптын интеграциялык бирикмелердин алкагында жигердүү өз ара аракеттенүүгө ниетин, ошондой эле ишмердүүлүктүн негизги багыттары боюнча аракеттерди координациялоону жана практикалык кызматташтыкты андан ары күчөтүүгө даяр экенин ырастады.

Ошондой эле тараптар кыргыз-орус өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты, мында соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Буга чейин жетишилген келишимдердин ишке ашырылышынын жүрүшү да каралды.

Тараптар аймактык күн тартибиндеги маселелер жана көп тараптуу форматтагы өз ара аракеттенүү боюнча позицияларын такташты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында лидерлер кыргыз-орус кызматташтыгына кошумча динамика берүүгө жана өз ара аракеттенүүнүн бардык багыттары боюнча биргелешкен демилгелерди ырааттуу илгерилетүүгө эки тарап тең кызыкдар экенин билдиришти.

Scroll to Top