Улуттук хирургия борборунан боорду алмаштыруудан кийинки бейтаптын абалы жана кийинки операция тууралуу айтып беришти

24.04.2026 | 13:04

Бүгүнкү күндө донордун жана реципиенттин (боор алган бейтаптын) ден соолугу туруктуу, алар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Эртең донорду ооруканадан чыгарууну пландап жатабыз, ал эми реципиентти анын абалына толук ишенгенден кийин, болжол менен бир жумадан кийин чыгарабыз. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунун башкы дарыгери Таалайбек Акматов билдирди.

Буга чейин президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда боорду алмаштыруу боюнча ийгиликтүү операция жасалганын, анда бейтаптын 20 жаштагы уулу донор болгонун кабарлаган.

Улуттук хирургия борборунун башкы дарыгери Таалайбек Акматов түшүндүргөндөй, учурда Кыргызстанда боорун алмаштырууга муктаж адамдар абдан көп.

«Биринчи операция Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан каржыланды, ал эми бул маселе мындан ары кандай чечилери коомдук талкуудан кийин белгилүү болот. Бизге келсек, биз даярбыз, Мамакеев атындагы борбордо трансплантация боюнча кийинки операция майдын аягы — июндун башына пландалууда», — деди Акматов Reporter.kg басылмасына.

Ал кошумчалагандай, кыргызстандык хирургдар буга чейин Түркияда, Индияда жана Беларуста стажировкадан өтүшкөн, бирок Кыргызстандын трансплантология тармагындагы негизги өнөктөшү — россиялык трансплантолог Сергей Готье жетектеген академик В. Шумаков атындагы Трансплантология жана жасалма органдар улуттук медициналык изилдөө борбору болуп саналат.

Белгилей кетсек, Готье — трансплантология тармагындагы дүйнөлүк алдыңкы эксперттердин бири, Россия илимдер академиясынын академиги. Буга чейин Улуттук хирургия борборунун базасында анын жетекчилиги астында боордун бир бөлүгүн алмаштыруу боюнча ийгиликтүү операция жасалган.

Эске салсак, 2023-жылдан бери Кыргызстанда республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган органдарды алмаштыруу программасы иштеп жатат.

Scroll to Top