Бишкектеги балдар ооруканасында 7 адам коронавирус жугузуп алган

Бишкектеги балдар ооруканасында 7 адам коронавирус жугузуп алган

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 7 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Маалым болгондой, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гематология бөлүмүндө буга чейин дарыланып кеткен бейтапта коронавирус аныкталгандыгы тууралуу Тогуз-Торо районунан билдирүү түшкөн.

Мвндан соң борбордогу бардык бейтаптар, оорулууларды карап жаткандар жана медициналык кызматкерлер изилденип, ПЧР диагностика 7 адамда коронавирус бар экенин тастыкталган (2 балада, 3 энеде жана 2 медициналык кызматкерде). Калган 20 кызматкерде, 13 балада жана 7 ата-энеде тесттин жыйынтыктары терс. 14 күн бою алар медиктердин көзөмөлүндө болушат.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун экинчи базасында бейтаптар кабыл алынган эмес, дезинфекциялык иштер жүргүзүлгөн. Мында, 13 бала ден соолугу оор акыбалда болгондуктан, медициналык жардамга муктаж жана катаал карантиндик чараларды сактоо менен бөлүмдө дарылануусун улантып жатканы айтылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>