Кыргызстандын аймагында дагы 30 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Коронавирус төмөнкү аймактардан катталды.
Бишкек ш. – 9 + 8 Санкт-Петербург ш. келгендерден;
Чүй облусу – 1;
Нарын облусу – 5;
Ош ш. – 3;
Ош облусу – 1;
Жалал-Абад облусу – 2;
Баткен облусу – 1.
Республика боюнча ооруну жуктургандардын жалпы саны 1433гө жетти.