Бишкек абанын булганышы боюнча 13-орунду ээледиКышкы каникул расмий түрдө 12-январга чейин узартылдыПрезидент эмдиги жылы апрелден тарта айлык акылар көбөйтүлөрүн айттыСаламаттык сактоо министрлиги бейтапканалардагы узун кезектин себебин түшүндүрдүЕАЭБ менен Индонезия эркин соода жөнүндө келишимге кол коюштуАрашан айылынын информатика мугалими балдарды санариптик келечекке кантип даярдап жатат
Беткап тагынбаган коомдук транспорттордун айдоочуларына айып пул салынууда
02.06.2020 | 13:08
Санитардык эрежелерди сактабагандыгы үчүн 5 айдоочуга айып салынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.
Санитардык кайгуул инспекторлору 88 коомдук транспортту текшерүүгө алышкан.
“Айрым айдоочулар беткапсыз, аралык сакталбай, санитайзерлер орнотулбаган жана унаалар таза эмес болгон”, – деп билдирди мэриядан.
Мыйзам бузган айдоочуларга карата 150-беренеге ылайык, ”Коомдук саламаттыкты сактоо тармагындагы техникалык регламентин, санитардык эрежелерди жана башка нормативдик укуктук актыларды бузуу” боюнча протокол түзүлдү. Алардын ар бирине 1000 сомдон айып пул салынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом