Кыргызстан менен Африка өлкөлөрү ар тармакта кызматташууну талкуулаштыЖогорку Кеңешти таратуу демилгесин 30дан ашуун депутат колдодуЖК комитети тоолуу аймактардагы көп балалуу энелерге «Бала Береке» төлөмүн берүү долбоорун колдодуБекзат Алмаз уулу дүйнө чемпионатынан күмүш медаль уттуБишкектин айрым аймактарында 4 күнгө газ өчүрүлөтУкук коргоочу Камиль Рузиев Караколдо акча опузалоого шектелип кармалды
Сооронбай Жээнбеков Абылгазиевдин отставкасын кабыл алды
16.06.2020 | 09:31
Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкасын кабыл алганын, мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү отставкага кетти деп эсептелет.
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын премьер-министринин, биринчи вице-премьер, вице-премьер-министрлеринин, Өкмөттөгү кызмат ордун ээлеген адамдар мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышат.”, – деп айтылат билдирүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат