Жапайы жаныбарларды аткандар үчүн айып пулдардын өлчөмү жогоруладыСаясат таануучу Бактыбек Жумагулов 10-июнга чейин СИЗОго камалдыУКМК: Сириядагы согуш аракеттерине катышкан жаран кармалдыТогуз-Тородо тургундарга 6 миң түп алма көчөтү бекер таратылдыАзия чемпионаты: Бүгүн Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы алтын үчүн күрөшөтИзраилдин Ливанга жасаган катуу соккуларынан 250дөн ашуун адам каза болду — эмне болуп жатат
Президент пара менен кармалган судья Орозбакованы кызмат ордунан четтетти
17.06.2020 | 17:15
Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Максат Орозбакова кызмат ордунан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
Мунун алдында мамлекет башчыга Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын судья Орозбакованы кызмат ордунан убактылуу четтетүү жана жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү тууралуу сунуштамасы келип түшкөн.
Буга Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде опузалап пара алуу фактысы катталганы тууралуу көрсөтүлгөн сунуштамасы негиз болгон.
Максат Орозбакованы быйыл 12-мартта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы пара алууга шектеп кармаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат