Ош шаарында 42 жаштагы киши каналдагы сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты
Маалыматка ылайык, 17-июнь күнү саат 10:40тар чамасында Мирсатов көчөсүндөгү Увам каналына 1978-жылы туулган эркек киши түшүп кеткени кабарланган. Аны издөөгө ӨКМнын куткаруучулары тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.