Бишкекте жасалма интеллекттин жардамы менен жасалган дизайн боюнча сынак өтөтБоомдо таш кулатуу иштери жүрүүдө. Жолго убактылуу чектөөлөр киргизилдиКочкор районунда социалдык дүкөн ачылдыКыргызстан ШКУнун саламаттык сактоону башкаруу боюнча Диалогдук платформасын түзүүнү сунуштадыМСК объекттердин видеокамераларына кирүү мүмкүнчүлүгү боюнча түшүндүрмө бердиБыйыл Талас шаарында 40 чакырым ички жолдор оңдолот жана курулат
Ырчы Болот Тасмаев 49 жашында каза болду
30.06.2020 | 17:20
Ырчы, аткаруучу Болот Тасмаев 49 жашында каза болду. Ырчынын каза болгонун Reporter.kg’ге анын жакындары тастыктады.
Алардын айтуусунда, Тасмаев мурдатан бери кант диабети менен ооруп жүргөн. Учурда анын сөөгү моргдо.
Болот Тасмаев «Сагынам», «Сезген жоксуң» жана башка чыгармалары менен калың элге таанылган.
Ырчы 1971-жылы 3-январда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кербен айылында төрөлгөн. Ата-энеси чыгармачыл адамдар болгондуктан, Болот Тасмаев кичинекей кезинен сахнага чыккан.
Reporter.kg маалымат агенттигинин эмгек жамааты Болот Тасмаевдин көз жумгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом