7 жылга камалат! Курьердин пиццасын тоногон адам кармалды

7 жылга камалат! Курьердин пиццасын тоногон адам кармалды

Орусиянын Краснодар шаарында 21 жаштагы жигит пицца ташыган адамды тоногону үчүн 7 жылга эркинен ажыратылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигине таянуу менен орус басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Краснодар шаарында пицца ташуучу автоунаасы менен бара жатып, дарек сурап жолдо турган адамга кайрылган. Ал унаага отуруп, күтүүсүздөн кол салып, анын пиццасын жана 6 миң рублин алып качып кеткен. 

Жабырлануучунун арызы боюнча укук коргоо органдары издөө иштерин жүргүзүп, көп узабай кылмышкерди кармашкан.  Ал 21 жаштагы Орусиянын Адыгея республикасынын тургуну экени аныкталган.

“Айыпталуучуга карата “каракчылык” беренеси менен кылмыш иши ачылып, учурда сотко чейинки териштирүүлөр жүргүзүлүп жатат. Бул берене менен 7 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн”, — деп кабарлаган Ички иштер жалпыга маалымдоо каражаттарына.  

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>