Ош мэриясы аймактык башкармалыктарга жаңы унаалар тапшырдыКасымалиев шайлоого кийлигишкен мамлекеттик кызматкерлер жоопко тартыларын билдирдиБишкектеги “Мадина резиденс” турак-жайын курууда мыйзам бузуулар аныкталдыКыргызстандын экспортун өнүктүрүү: ишкерлер үчүн жаңы куралдар даярдалдыӨткөн жумада Кыргызстанда 24 миңден ашык жол эрежесин бузган учур катталдыЖапаров ЕАЭБ алкагында баалуу кагаздардын чек ара аралык жүгүртүүсүнө уруксат берүү тууралуу макулдашууну ратификациялады
Бишкекке Сауд Аравиядан Кыргызстандын жарандары учуп келди
01.07.2020 | 12:32
Бүгүн, 1-июлда “Манас” эл аралык аэропорту «Flynas» авиакомпаниясынын «Даммам-Бишкек» маршрутунун чартердик каттамын тосуп алды. Анда Кыргызстандын 121 жараны мекенине кайтып келди, алардын көпчүлүгү окуу жайларда окуган студенттер. Бул тууралуу штабдан билдиришти.
Аталган авиакаттам менен Сауд Аравиясынан Казакстандын 39 жараны да учуп келип, алар “Манас” аэропортунан Казакстанга атайын транспорт менен жеткирилди.
Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтууну каалаган жарандарды Кыргыз өлкөсүнө алып келүү боюнча иштер уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом