Өткөн сутка ичинде 4 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда брифингде коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.
Бишкектеги Кыргыз-Түрк ооруканасында 71 жаштагы эркек бейтап, Ноокат аймактык ооруканасындагы 70 жаштагы бейтап, Кочкор аймактык ооруканасынан 69 жаштагы аял жана 56 жаштагы эркек бейтап каза болгон.
Жалпы каза болгондордун саны 66 кишиге жетти.