Бишкекте 13 жаштагы өспүрүмдүн өлүмү менен аяктаган жол кырсыгы ИИМ башчысынын көзөмөлүндөБишкек менен Ошто майып балдар үчүн стоматология бөлүмдөрү ачылдыМинистрлик мектептерде стоматология бөлмөлөрүн ачуу пландоодоЖогорку Кеңешке шайлоо. Каирде биринчи жолу шайлоо тилкеси ачылатОш шаарында таза суу бир суткага өчүрүлөтЧүйдөгү №2 аялдар абагындагы кемчиликтер жоюлуп, шарттар жакшыртылды
Пневмонияга чалдыккан Камчыбек Ташиевдин абалы оор
04.07.2020 | 13:49
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиевдин абалы оор. Бул тууралуу анын уулу Тай-Мурас ырастаганын Ташиевге таандык делинген Регион телеканалынын журналисти Өткүрбек Рахманов маалымдады.
“Камчыбек Ташиев агабыздын ден-соолугунун абалынан кыжаалат болуп, тынымсыз сурап жаткан урматтуу мекендештер, азыр эле уулу Тай-Мурас Ташиев, Камчыбек Кыдыршаевичтин абалы оор экенин айтты. Кудай шыпаа берсин, – деп жазган Өткүрбек Рахманов Фейсбук баракчасына.
Бул маалыматты Reporter агенттигинин кабарчысы байланышканда да тастыктап Ташиевге эки тараптуу пневмониянын оор түрү деп диагноз коюлганын айтты. Саясатчынын абалы учурда оор бойдон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом