Камчыбек Ташиевдин абалы дале оор

05.07.2020 | 16:56

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиевдин абалы дале оор. Бул тууралуу Ташиевге таандык делген “Регион” телеканалынын журналисти Өткүрбек Рахманов саясатчынын уулу Тай-Мурас Ташиев билдиргенин Фейсбук баракчасына жазды.

“Урматтуу мекендештер, Камчыбек Ташиев агабыздын учурдагы (5-июль 2020-ж. саат 16:00) абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу Камчыбек Кыдыршаевичтин уулу Тай-Мурас Ташиев билдирди. Кудай сактасын”, – деп жазган журналист.

Белгилей кетсек, Камчыбек Ташиев буга чейин пневмония дартына чалдыгып, ооруканада оор абалда жатканы айтылган эле.

 

[su_image_carousel source=”media: 33740″ crop=”none” autoplay=”4″]

Scroll to Top