Ошко Москвадан 336 кыргыз жараны учуп келди

Ошко Москвадан 336 кыргыз жараны учуп келди

Кыргызстанга Россиядан 336 КР жараны кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Ош” эл аралык аэропортунда 5-июлда «Аэрофлот» авиакомпаниясынын Москва-Ош багыты боюнча чартердик каттамын учуп келген.

Учакта орундуктардын саны чектелүү жана Кыргызстанга кайтууну каалаган жарандар көп болгондуктан, аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Москвадагы кыргыз медициналык клиникалардын дарыгерлеринен жана Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинин кызматкерлеринен турган атайын Комиссия тарабынан түзүлгөн.

Жүргүнчүлөрдүн тизмесин түзүү гуманитардык критерийлер боюнча КР жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Өзгөчө, каттамга Россиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле Мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар, мисалы: оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар, киргизилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Москва Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>