Бишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу өчүрүлөтБалыкчыда мурда соттолгон жарандардан дээрлик 3 килограмм баңгизат табылдыСадыр Жапаров Ош шаарынын мэрине катуу сөгүш жарыяладыКыргызстандык Мэри Кувакова «Аалам сулуусу» сынагына катышатКытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу. Курулуш иштерин тездетүү тапшырылдыСалык кызматы: Кыргызстанда патенттик система боюнча иштөөнүн жаңы эрежелери бекитилди
ЖОЖдорго онлайн кабыл алуунун III туру башталды
03.08.2020 | 10:26
Кыргызстандын жогорку окуу жайларына онлайн кабыл алуунун III туру башталды. Билим берүү жана илим министрлиги быйыл “Абитуриент Online” (www.2020.edu.gov.kg) автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыккан. Ага катталган абитуриент тандаган адистик жана окуу жайына тапшыра алат.
Эске салсак, пандемиядан улам быйылкы бүтүрүүчүлөр жогорку окуу жайларга үч тур менен онлайн тапшырууда.
Биринчи тур 20-22-июлда, экинчи тур 27-29-июлда өткөн. Ал эми жыйынтыктоочу үчүнчү тур 5-августта аяктайт.
Сунушталгандардын тизмеси жарыялангандан кийин тастыктоого үч күндүк мөөнөт берилет.
Ал эми окуу жайга өткөн студенттер документтердин түп нускаларын ЖОЖдорго окуу жылдын башында бериши керек.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим