logo
press@reporter.kg
  • facebook
  • odnoklassniki
  • twitter
  • instagram
  • telegram

ЖОЖдорго онлайн кабыл алуунун III туру башталды

ЖОЖдорго онлайн кабыл алуунун III туру башталды

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына онлайн кабыл алуунун  III туру башталды. Билим берүү жана илим министрлиги быйыл «Абитуриент Online» (www.2020.edu.gov.kg) автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыккан. Ага катталган абитуриент тандаган адистик жана окуу жайына тапшыра алат.

Эске салсак, пандемиядан улам быйылкы бүтүрүүчүлөр жогорку окуу жайларга үч тур менен онлайн тапшырууда.

Биринчи тур 20-22-июлда, экинчи тур 27-29-июлда өткөн. Ал эми жыйынтыктоочу үчүнчү тур 5-августта аяктайт.

Сунушталгандардын тизмеси жарыялангандан кийин тастыктоого үч күндүк мөөнөт берилет.

Ал эми окуу жайга өткөн студенттер документтердин түп нускаларын ЖОЖдорго окуу жылдын башында бериши керек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>