Казакстан менен Кыргызстан экологиялык күн тартибин макулдаштыУлуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев кызматтан кетүү боюнча арыз жаздыТрамп Кубаны «басып алуу» ал үчүн чоң сыймык болорун билдирдиБишкекте мотоцикл, скутер жана мопед айдоочуларына карата рейддер башталдыЖергиликтүү продукция деп сатылган кытай картошкасы: Кыргызстанда рейддер башталатИИМ: «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупция боюнча кылмыш иши козголду
Эми сырттан келгендерден ПЦР анализ алынбайт жана обсервацияга жаткырылбайт
09.08.2020 | 14:58
Кыргызстандын аэропортуна учуп келген жарандар үчүн алгоритм өзгөртүлдү. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.
Ага ылайык, вирус өлкө ичинде көбөйүп, ал эми сырттан келген жарандарда катталган учурлар аз болуп жаткандыгына байланыштуу, алар үчүн алгоритм өзгөргөн.
Жарандардан учуп келгенден кийин ПЦР анализ алынбайт жана обсервацияга жаткырылбайт. Аларга анкета толтурулуп, мобилдик тиркеме көчүрүлөт жана үйүнө жиберилет.
Эгерде КДВО жана грипптин белгилери пайда болсо, жашаган жерине караган медициналык борбордун дарыгерлерине кайрылуу зарыл.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом