“Мекеним Кыргызстан” партиясынын тизмесине Райымбек Матраимов кирдиби?

19.08.2020 | 16:28

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын экс-орун басары Райымбек Матраимов Жогорку Кеңештин депутататтыгына талапкерлигин койбойт.

Reporter.kg’ге өздүк булактар билдиргендей, экс-бажы кызматкери “Мекеним Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңешке кирүүнү каалаган талапкерлердин тизмесинде жок. Дал ушул партия Матраимовдордун үй-бүлөсү менен байланыштуу.

Эскерте кетсек, саясий бирикменин өзү талапкерлердин тизмесин азырынча жарыялаган жок.

“Партиянын катары ар улуттун, региондордун жана ар кайсы кесиптин талапкерлеринен түзүлдү. Тизмеде жаш, келечектүү адамдар көп”, – деп айтылат партиянын билдирүүсүндө. 

Курултай учурунда тартылган сүрөттөрдө Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов, Марлен Маматалиев, журналист Элнура Алканова, ырчылар Бек Борбиев жана Урмат Үсөнов бар.

[su_image_carousel source=”media: 38560,38561,38559,38557,38558″ crop=”none” autoplay=”4″]

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top