«Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесине Райымбек Матраимов кирдиби?

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесине Райымбек Матраимов кирдиби?

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын экс-орун басары Райымбек Матраимов Жогорку Кеңештин депутататтыгына талапкерлигин койбойт.

Reporter.kg’ге өздүк булактар билдиргендей, экс-бажы кызматкери «Мекеним Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңешке кирүүнү каалаган талапкерлердин тизмесинде жок. Дал ушул партия Матраимовдордун үй-бүлөсү менен байланыштуу.

Эскерте кетсек, саясий бирикменин өзү талапкерлердин тизмесин азырынча жарыялаган жок.

«Партиянын катары ар улуттун, региондордун жана ар кайсы кесиптин талапкерлеринен түзүлдү. Тизмеде жаш, келечектүү адамдар көп», — деп айтылат партиянын билдирүүсүндө. 

Курултай учурунда тартылган сүрөттөрдө Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов, Марлен Маматалиев, журналист Элнура Алканова, ырчылар Бек Борбиев жана Урмат Үсөнов бар.

[su_image_carousel source=»media: 38560,38561,38559,38557,38558″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>