15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталды
Британияда ички иштер министри болуп 47 жаштагы аял дайындалды
25.07.2019 | 16:07
Британияда 47 жаштагы Прити Пател Королдуктун ички иштер министри кызматына дайындалды
Прити Пател үчүн Британиянын өкүмөтү байырлаган Даунинг-стрит аймагы чоочун эмес. Буга чейин ал Британиянын Эл аралык өнүгүү министри болуп эмгектенген. 2017-жылы эмгек өргүүгө чыгып, үй бүлөсү менен Израилге жасаган сапары жаңжалга айланып, мунун арты менен кызматан кеткен. Кийин ачыкталгандай, эмгек өргүүсүндө жүрүп ал Израилдин бийлик жетекчилери, анын ичинен өкмөт башчысы менен өз алдынча жолугушкан.
Прити Пател 1972 жылы 29-майда Лондондо төрөлгөн. Анын ата-энеси Угандага Индиядан мигрант болуп барып, чарбачылыктын арты менен бутка турушкан. Кийин алар Британияга журт которушкан.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар