logo
press@reporter.kg
  • facebook
  • odnoklassniki
  • twitter
  • instagram
  • telegram

Британияда ички иштер министри болуп 47 жаштагы аял дайындалды

Британияда ички иштер министри болуп 47 жаштагы аял дайындалды

Британияда 47 жаштагы  Прити Пател Королдуктун ички иштер министри кызматына дайындалды

Прити Пател үчүн  Британиянын өкүмөтү байырлаган Даунинг-стрит аймагы чоочун эмес. Буга чейин ал Британиянын Эл аралык өнүгүү министри болуп эмгектенген. 2017-жылы эмгек өргүүгө чыгып, үй бүлөсү менен Израилге жасаган сапары жаңжалга айланып, мунун арты менен кызматан кеткен. Кийин ачыкталгандай, эмгек өргүүсүндө жүрүп ал Израилдин бийлик жетекчилери, анын ичинен өкмөт башчысы менен өз алдынча жолугушкан.

Прити Пател 1972 жылы 29-майда Лондондо төрөлгөн. Анын ата-энеси Угандага Индиядан мигрант болуп барып, чарбачылыктын арты менен бутка турушкан. Кийин алар Британияга журт которушкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>