Улуу Британиянын ордуна Швейцария: Кыргызстандын экспортунун географиясы кандай өзгөрдү?Бишкекте интимдик кызмат көрсөтүүгө айыпталып 70тен ашык кыз кармалдыОш шаарында курулуп жаткан «Келечек» базары мартта пайдаланууга берилетЖылдын башкы интригасынын көшөгөсү ачылды: MBANK’тан ким батир утуп алды?«Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна курула турган маданий борбор кандай болотБШК Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулаймановду мандатынан ажыратты
Кыргызстанга мигранттар июлда 248 млн доллар которушкан
14.09.2020 | 10:44
Кыргызстанга мигранттардан июль айында которулган каражаттын суммасы 248 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банктан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, каражаттын 98.66% – КМШ өлкөлөрүнөн которулган. Каражаттын басымдуу бөлүгү Орусиядан – 244 млн доллар, калган 500 миң доллар Казакстандан которулган. Ал эми башка өлкөлөрдөн 200 миң доллар мекенге жөнөтүлгөн.
Алыскы чет өлкөдөн мигранттар – 3,3 млн доллар, анын ичинен 2,1 млн доллар – АКШдан которушкан.
Үстүбүздөгү жылдын июнь айына салыштырмалуу акча которуулар дароо 10,75% төмөндөгөн, өткөн жылдын июль айына салыштырмалуу – 10.36% жогорулаган.
Жыл башынан бери мигранттар мекенине 1 млрд 225,1 млн доллар жөнөтүшкөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика