Кызды өлтүрүүгө аракет кылган. Бишкекте 22 жаштагы шектүү кармалды17 магнит жутуп алган. Ошто 2 жашар балага операция жасалдыБишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалдыСи Цзиньпиндин Кыргызстанга сапары жана Өзбекстандагы жаңы борбор: Кытай «Бир алкак — бир жол» демилгесин күчөтүүнү көздөйтКыргызстан менен Түркия медицина тармагында кызматташууну бекемдейтТеңир-Тоо The New York Times гезитинин эң мыкты туристтик багыттарынын катарына кирди
Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын митинги башталды
05.10.2020 | 11:43
Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын Ала-Тоо аянтындагы митинги башталды.
Азырынча “Социал-демократтар” партиясынын гана 30-40тай мүчөсү чогулуп, митингди баштап жатат. Аталган партиянын лидерлеринин бири Темирлан Султанбеков шайлоо таза өтпөгөндүгүн айтып, кайра башынан өткөрүүнү талап кылышарын билдирди.
“Шайлоо таза өткөн жок, фальсификация, бурмалоо ошондой эле криминалдар аралашты. Бул таза эмес шайлоону башынан өткөрүүнү талап кылабыз. Учурда оппозиция биригүүгө бара жатабыз, башка партиялар менен да сүйлөшүүлөр жүрүүдө”, – деди Султанбеков.
Белгилей кетсек, кечээ, 4-октябрда өткөн Парламенттик шайлоодо утулган бир нече партия аны таануудан баш тартып, бүгүн борбордук аянтка митинге чыгышарын билдиришкен.
Рубрики: Жаңылыктар