Ак-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктадыБишкекте үйлөрдүн баасы дээрлик 30%га өстү
Дастанбек Жумабеков Стамбул шаарына башкы консул болууга тырышууда
17.11.2020 | 16:50
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Дастанбек Жумабеков Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу болууга аракет кылууда. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына өздүк булактар кабарлады.
Белгилей кетек, 6-октябрдагы толкундоолор учурунда парламент депутаттарынын бир бөлүгү “Достук” мейманканасына чогулуп, Дастанбек Жумабековду спикерликтен бошотушкан. Андан кийин Жогорку Кеңештин төрагалыгы үч жолу алмашты.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу кызматын Нурлан Абдрахманов аркалап келген. Ага чейин ал ТИМ башчысынын орун басары эле.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат