Бишкекте Түрк дүйнөсү жаштарынын II форуму өтөтБишкекте адамдарды тоноп жүргөндөр кармалды — арасында жаш балдар барКыргызстанда Россиянын маданият күндөрү өтөт Жогорку жаза — коомдук тынчсызданууга жоопБишкектеги кафе-ресторандарды дааратканага жарандарды акысыз киргизүүгө милдеттендирүү сунушталуудаБишкекте жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелгендер кармалды
Сарпашев туугандарына каттап койгон 500 гектардан ашык жерин мамлекетке кайтарат
01.12.2020 | 10:50
Мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев мурда сатып алып, туугандарына каттап койгон 500 гектар жайыт жерин, ошондой эле 30 гектар сугат жерин мамлекеттин балансына кайтарып берет.
Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финансы полициясы) кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, Сарпашевдин мамлекетке кайтара турган жери Токтогул районун Торкен айылында жайгашкан.
Финансы полициясы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча тергөө иштери уланып жатканын айтат.
Буга чейин аталган мекеме мурунку вице-премьер-министрге мыйзамсыз баюу беренеси менен кылмыш иши козголгонун кабарлаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар