Тайырбек Сарпашевге кылмыш иши козголду

Тайырбек Сарпашевге кылмыш иши козголду

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы мурунку вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге кылмыш иши козголгонун кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, ал мамлекеттик кызматта турган учурда көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алып туугандарына каттаган.

“Мурунку вице-премьер-министр «Т.С.» карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Ал мамлекеттик мекемеде жетекчилик кызматта турганда көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алган. Аны декларацияларда көрсөтпөстөн, жакын туугандарына каттаган.

Бул сотко чейинки өндүрүш боюнча «Т.С» суракка чакырылат”, — деп айтылган маалыматта. 

Өздүк булактардын билдиришинче аталган мурунку атка минер Тайырбек Сарпашев.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>